Ошто быйыл 30дан ашык көчөдө тротуарлар жаңыланып, 20дан ашык аялдама курулат

Ошто быйыл 30дан ашык көчөдө тротуарлар жаңыланып, 20дан ашык аялдама курулат.

Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта “Анар” кичи районунда, Ирригатор көчөсүнүн Дача тилкесинде жөө адамдар өтүүчү жолдор курулуп, мыйзамсыз соода түйүндөр менен тосмолор бузулууда. Ошондой эле, Көкүмбий, Абдыкадыров, Курманжан-Датка көчөлөрүндө аялдамалар курулуп жатат.