Бишкекте коомдук унааларда санитардык эрежелердин сакталышын текшерүү уланууда.
Кечээ 127 троллейбус текшерилди, негизинен жүргүнчүлөрдүн көбү бет кап тагынган эмес.
Мэриядан эскертишкендей, рейд жумасына эки ирет өткөрүлөт. Андан улам, жарандар
ден-соолукка кайдыгер карабай, эрежелерди сакташы зарыл. Ордо калаа бийлигинен
түшүндүрүшкөндөй, санитардык текшерүүлөрдүн максаты — айып салуу эмес,
жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.