Кийинки жылы өтө турган шайлоолорго 858 миллион сом каралды.
Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирет.
Анын айтымында, 373 миллион сом 10-январда өтө турчу президенттик шайлоого багытталат.
Калганы парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге добуш берүүгө жумшалат.
Новиков кошумчалагандай, референдум өткөрүү тууралуу парламенттин чечими чыкса,
ага сарпталуучу каражат бюджет такталгандан кийин бөлүнөт