Өкмөт менчик клиникаларды, лабораторияларды жардам берүүгө жана акысыз консультация берүүгө чакырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч экенин айтып, аны менен күрөшүүгө менчик клиникаларды, лабораторияларды дагы жардамга чакырды.

 

Бул тууралуу ал бүгүн, 2-июлда брифинг учурунда айтты.

 

«Менчик лабораториялардын жана клиникалардын жетекчилигине кайрылып, биз менен чогуу инфекцияга каршы күрөшүүгө чакырам. Сиздерде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Биз сиздерден бейтаптарга кеңеш берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Мүмкүнчүлүк болсо дарылоо жагынан жардам берсеңиздер биз абдан кубанат элек. Сиздер четте карап турбайсыздар деп үмүт кылам», — деди ал.