Египет туристтерди кабыл алууга даяр. Өлкө 29 мамлекет менен аба каттамдарын жандантты. Жергиликтүү бийлик туристтерди жайдын аягына чейин виза төлөмдөрүнөн бошотуу чечимин кабыл алды.
Бирок азырынча чет элдиктер өлкөнүн 3 провинциясында гана эс ала алат. Аларда коронавирустун жайылуу көрсөткүчү төмөн болгон. Коноктор үчүн ошондой эле музейлер, археологиялык объектилер эшиктерин ачты.