Өкмөт ооруканаларга жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга 300 миллион сом бөлүп берди

Өкмөт ооруканаларга жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга 300 миллион сом бөлүп берди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

 

Анын айтымында, каражат уюмдардын эсебине которулду. Алар өз кезегинде акчаны өз максатында жакынкы арада колдонушу керек. Андан тышкары, бир жумада өлкөгө 2,5 миң кычкылтек концентратору алынып келинди. Жакынкы арада мамлекет стационарларга зарыл болгон башка жабдууларды дагы сатып алат.