Бишкекте бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өтөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, иш-чара 18-октябрда эртең мененки саат 10дон түшкү 2ге чейин улуттук филармонияда уюштурулат.
Жарманкеде 70тен ашуун ишкана-мекемелердин өкүлдөрү кесипкөй адистерди издешет жана Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы 3 миңден ашуун бош жумуш орундарын сунуштайт.