Жогорку Кеңеште 5 министр ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында беш министр парламенттин трибунасынан ант берип, кызматына киришти.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, унаа жана жолдор министри Эркинбек Осоев, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ант берип, ишине расмий киришти.

Эске салсак, министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү дайындалганда аталган министрлер ант берген эмес.