Баткенге Мамлекеттик ипотекалык компания жеке үйлөрдү курат

Баткенге Мамлекеттик ипотекалык компания жеке үйлөрдү курат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги фракция жыйынында аталган компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтымында, турак-жайлар Ак-Сай жана Максат айылдарына курулат.

Аймактарда үй курууга 3,5 миллиард сом каралган. Азыр министрлер кабинети Баткенге 200 миллион сом жөнөтүү боюнча токтом даярдап жатат, — деп айтылат маалыматта.