Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу планын бекитти.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстанда
6 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук катталды. 2020-жылдын январь айында өлкөдө
үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. Белгилеп кетсек, жазык-процесстик
кодексте үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам 48 саатка кармалат.
Аларга үй-бүлө мүчөлөрүн уруп-сабоо, ден соолугуна зыян келтирүү,
шылдыңдоо жана кордоо учурлары камтылды. Ошондой эле аталган
фактылардын улануусуна негиздер болгон учурда дагы шектүү жаран
жоопко тартыла турган мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды.