Корумду-Балбай унаа жолу 2022-жылы курулат

Корумду-Балбай унаа жолу 2022-жылы курулат. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Корумду-Балбай жолун салууга Кувейт фондунан 29 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимди ратификациядан өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.

 

Андан тышкары, куруу иштерине Ислам өнүктүрүү банкы, Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюму, Сауд өнүктүрүү фонду жана Кувейт фондунан насыя алынууда. Мамлекеттик бюджеттен 12 миллион  доллар бөлүнөт.

 

Белгилеп кетсек, трассанын жалпы узундугу 80 чакырымды түзөт.