Коронавируска каршы күрөшүүдө Вьетнам мыкты жыйынтык көрсөтүүдө

Вьетнам коронавируска каршы күрөшүүдө Европа жана АКШнын каталарын кайталаган жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкө чечкиндүү кадамдар жана биримдикте болуу менен ийгиликке жеткен.

 

Вьетнамда 13-апрелге карата 262 адамда коронавирус аныкталган. Өлкөдө илдеттен көз жумгандар жок. Кытай менен чектеш болгонуна карабастан, вирус өлкө ичине кеңири жайылган эмес. Уюмдун Вьетнамдагы өкүлү Кидун Парк эрте көрүлгөн чаралар көп адамдардын өмүрүн сактап калганын айткан.

 

«Вьетнам эпидемияга эрте жана чечкиндүү реакция жасады. Январь айында эле андан сактануу жана жайылып кетүүсүн алдын алуу боюнча изилдөөлөр жүргөн», — деп билдирген Парк.

 

Эпидемия башталганда өлкөдө Улуттук комитет уюштурулган. Мектептер январь айынан тартып эле жабыла баштаган. Ал эми 16-марттан баштап карантин киргизилген. 25-марттан тартып аба каттамдар токтотулган. Ал эми 1-апрелден баштап өлкөгө кирүүгө жана чыгууга тыюу салынган.

Ал эми жергиликтүү жашоочулар мындай ынтымакты, мыйзамдарга баш ийип, тартипти бек сактоону согуш мезгилинен бери көрө электерин айтышкан.