Коронавирустан кийин Кыргызстан кадимки жашоого кайтып келүүсү үчүн 3 ай кетет

Коронавирустан кийин Кыргызстан кадимки жашоого кайтып келүүсү үчүн 3 ай кетет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагында COVID-19 вирусунун жайылышын 1 ай ичинде токтотсо болот.

 

Андан кийин бизнес, мамлекеттик органдардын жана башка түзүмдөрдүн ишин жөнгө салууга убакыт талап кылынат. Эске салсак, 15-апрелге чейин коменданттык саат киргизилип, көп ишканалар толугу менен жабылды.