Кыргызстанга коронавирусту бир нече саатта аныктай турган атайын реагенттер жеткирилет

Кыргызстанга коронавирусту бир нече саатта аныктай турган атайын реагенттер жеткирилет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, тесттердин биринчи партиясы жакынкы арада Россия жана Кытайдан алынып келинет.

 

Белгилеп кетсем, учурда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу. Вирус катталган жок. Чек ара бекеттеринде, аэропорттордо тепловизорлор менен кызматкерлер иштеп жатат. Акыркы маалыматтарга ылайык, Кытайда жапырт чыккан коронавирустан каза тапкандардын саны 400дөн ашты.