Криштиану Роналду Италия чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты португалиялык бомбардир болду

Криштиану Роналду Италия чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты
португалиялык бомбардир болду. «Ювентус» жана «Болонья» командасынын
оюну футбол боюнча Италиянын чемпионатынын А сериясынын 27-турунун
алкагында өттү. Беттешти «Ювентус» 2:0 эсебинде жеңип алды. Голду Роналду менен
Дибала киргизди. Муну менен Роналдунун «Болонья» командасынын дарбазасына
киргизген тобу Италия чемпионатындагы 43-голу болду. Муну менен Роналду
«Фиорентина» жана «Милан» командасынын оюнчусу Руй Коштадан 1 гол менен ашып өттү.