Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өмүр бою төлөнүүчү стипендия алат.
Бул стипендияга спорттун Олимпиадалык түрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону
болгон бардык спортчулар ээ болот, — дешти Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен.
Учурда Тыныбекова өлкөдө бул категориядагы жалгыз дүйнө чемпиону. Ал 2019-жылы
Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта
жеңишке жетип, Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алган.