Карантин мектептерди санарипке өткөрүүнү он эсе тездетти

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу карантин билим берүү тармагындагы санариптештирүү процессин 10 эсе тездетти. Бул тууралуу 5-июнда «Жаштарды өнүктүрүү институту» уюму өткөргөн онлайн брифингде айтылды.

 

Уюм «Мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуу мүмкүнчүлүгү жана сапаты» деген багытта мониторинг жүргүзгөн. Жалпысынан үч миңге жакын ата-эне жана окуучу респондент болгон.

 

Алар телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн видеосабактар негизинен жеткиликтүү болгонун айтышкан, 10% жакыны бул сабактар жеткиликтүү болбогонун белгилешкен.

 

Видеосабакты өткөрүү усулун сурамжылоого катышкандардын 15,5% начар деп баалашкан.

Онлайн режимде өткөн сабактарды калтыруунун башкы себеби катары Интернеттин жоктугу же анын сапатынын начардыгы аталган.

Ошол эле учурда ата-энелердин 43% аралыктан окутуунун артыкчылыгы жок экенин белгилеп, алар өзүлөрүнүн балага жардам берүү жөндөмү жетишсиз экенин, үйдө балдар өзүн таштап койгонун жана мугалим менен түз байланыш жок болгонун айтышкан.

Ушуга байланыштуу «Жаштарды өнүктүрүү институту» өзүнүн бир катар сунуштарын иштеп чыкты.

 

Алардын негизгиси – санарипке өтүүнү мамлекеттик деңгээлде тездетүү, мектептерди техникалык каражат менен гана камсыз кылып койбостон, аралыктан окутуу процессин натыйжалуу башкарууну жолго коюу.

 

Коронавирус коркунучуна байланыштуу мектептер карантинге жабылгандыктан быйыл Кыргызстанда төртүнчү чейректи окуучулар үйдөн аякташты. Сабактар телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн видео аркылуу жана Интернеттен атайын тиркемелер боюнча өткөрүлдү.

2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми быйылкы 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланган.

 

4-июнда облустардын жетекчилери жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери менен өткөрүлгөн видео конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан санариптештирүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары тандап алганы туура жана өз учурунда кабыл алынган чечим болгон деп эсептей турганын айтты.