Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда. Иштерди Жер колдонуу башкармалыгынын жана “Тазалыктын” кызматкерлери аткарып жатат. Рейддин алкагында кофе сатуучу түйүн, соода күркөсү жана унаа жуучу жай алынды.

 

Алар мыйзамсыз иштеп келген. Бул жаатта иштер дагы уланат, — дешти мэриядан.