Кыргызстандын эл жыш жашаган аймактары таза суу менен камсыздалат

Кыргызстандын эл жыш жашаган аймактары таза суу менен камсыздалат.

Программанын координатору Айгүл Жунушалиева «Азаттыкка» билдиргендей,

долбоордун негизинде саркынды суулар чыгарылып жана

санитария жаатындагы маанилүү маселелер чечилет. Долбоордун жалпы суммасы

70 миллиард 200 миллион сомду түзөт. Анын ичинен 2 миллиард сом республикалык бюджеттен,

калганы чет элдик донорлор тарабынан берилет. Белгилеп кетсек,

өлкөнүн жалпысынан 1 миң 800 айылынын 653үндө таза суу жок.