Сокулуктун Бишкек менен чектеш Селекция, Сары-Өзөн жана Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатат

Сокулуктун Бишкек менен чектеш Селекция, Сары-Өзөн жана Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатат. Бул тууралуу Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков “Азаттыкка” билдирди.

 

Эске салсак, 14-июнда Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары Бишкектин Жайыл баатыр көчөсүндө нааразылык акциясын өткөрүп, жолду бууганга аракет кылышкан.

 

Чогулгандар менен Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов жана “Бишкек сууканалы” ишканасынын жетекчиси Таалайбек Орозов жолугуп, маселе эки жумада толук чечилерин убадалашкан.