Казакстанда иштеген кыргыз жарандарынын укуктарына байланыштуу ТИМ нота жиберди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарындагы «Алтын Орда» базарында эмгектенген кыргызстандык ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Казакстандын мамлекеттик органдарына кайрылуу (нота) жолдоду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматта Тышкы иштер министрлигине коңшу мамлекетте иштеген кыргызстандык жарандардан жамааттык арыз келип түшкөнү, андан улам тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатканы айтылат.

 

«Министрликтин башкы консулдугу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнө жана Алматы облусунун Карасай райондук полиция бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу (нота) жөнөттү. Жакынкы күндөрү «Алтын Орда» соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу пландалууда», деп айтылат маалыматта.

 

Учурда Казакстан тарап бул жагдайды жөнгө салуу боюнча башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат. Арыз ээлерине ар тараптуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Казакстан Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн адвокат жалдоо сунушу берилди, деп кошучалайт министрлик.

 

14-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Алматынын «Алтын Орда» базарында көп жылдардан бери эмгектенип келаткан кыргызстандык ишкерлердин менчикке болгон укуктары тебеленип, алардын товар коюлган контейнерлери тартылып алынып жатканын, алар ушул базардын жетекчилеринин бири Эрмек Маркабаевге каршы жалган көрсөтмө берүүгө мажбурланып жатканын айтып, жыйында маселе көтөргөн болчу.

 

Буга чейин Казакстандын Карасай райондук соту «Алтын Орда» базарынын аткаруучу директору, кыргызстандык Эрмек Маркабаевди төрт жылга абакка кескен.

Эрмек Маркабаев өткөн жылдын июнь айында Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 287 («курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү») жана 296 («баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз колдонуу») беренелеринде каралган кылмыштарга шектелип кармалган.

 

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ишкердин жубайы жолдошуна «жалган жалаа жабылып жатканын» айтып, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге видео кайрылуу жолдогон.