Россия Кыргызстанга бөлүп берген 365 тонна өсүмдүк майы өлкөгө келип түштү

Россия Кыргызстанга бөлүп берген 365 тонна өсүмдүк майы өлкөгө келип түштү.

Россиянын биздин республикадыгы элчилигинен билдиришкендей, жардам

Бишкек менен Ошко бөлүштүрүлүп, 60 тоннасы ордо калаадагы кампага жеткирилсе,

калганы түштүк калаага жөнөтүлдү. Азык жалпысынан 27 миң аз камсыздалган

үй-бүлөгө таратылат. Белгилеп кетсек, Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк соода

программасынын маалыматына караганда, муктаж үй-бүлөлөр каналдарды

оңдоо жана калыбына келтирүү, бак тигүү сыяктуу ар кандай долбоорлорго

катышуу менен ун жана суу май ала алышат.