Жогорку Кеңештин социалдык комитетинде төрайым алмашты

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде төрайым алмашты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык аталган тармактык комитетти жетектеп келген депутат Динара Ашимова өз каалоосу менен төрайымдыктан кеткен. Комитеттин жаңы төрайымы болуп, депутат Винера Раимбачаева шайланган.

 

Жашыруун добуш берүүнүн негизинде 66 депутат макул, 10 депутат каршы добуш берген.

Социалдык саясат боюнча комитетинин акыркы эки жыйыны кворум жоктугуна байланыштуу өтпөй калган.