Казакстандан келген жарандарды кабыл алууга кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерине чатырлар тигилди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ведомство «Ак жол», «Ак тилек», «Кен-Булуң», «Токмок» өткөрмө түйүндөрүнө 10 орундуу төрт чатыр тикти. Ал эми Бишкек мэриясы «Манас» эл аралык аэропортуна учуп келген Казакстандын жарандарын тосуп алып постторго жеткирүү, мейманканага жайгаштыруу иштерин жүргүзүп жатат.