Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттерде 500дөн ашык фура топтолду.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, 395 автоунаа “Ак-Тилек” бекетинде, 121и “Кең-Булуңда”, 53ү Чалдыбар бекетинде Казакстанга өтө албай кезек күтүүдө. Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү көбөйгөнү себеп болгону айтылды.
Эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат.