Назим Нурланов Азия оюндарында каратэ боюнча коло медаль тагынды

Кыргызстандык Назим Нурланов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында каратэ боюнча коло медаль тагынды.

 

Үчүнчү орун үчүн таймашта биздин спортчу малайзиялык атаандашын жеңип алды.

 

Белгилеп кетсек, Азия оюндарында азыркы тапта Кыргызстандын курама командасынын капчыгында үч алтын жана беш коло медаль бар.