Кыргызстанда пенсия курагы жогорулатылбайт

Кыргызстанда пенсия курагы жогорулатылбайт.

 

Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди. Анын айтымында, жакынкы жылдары өлкөдө пенсиялык реформалар пландалган жок.

 

Эске салсак, Кыргызстанда мыйзам боюнча эркектер 63 жашта, аялдар 58 жашта пенсияга чыгат. Эркектерге жаш курагы боюнча пенсияга чыгышы үчүн 25 жылдык стаж керектелсе, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынат.