Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер октябрда киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер октябрда киргизилиши мүмкүн.

 

Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Анын айтымында, жаңы тарифтик саясат жөнүндө мыйзам долбоору учурда президент администрациясында жана министрлер кабинетинде каралып жатат. Эгер документ октябрдын башында күчүнө кирсе, айдын аягына карата эсептер жаңы баалар менен саналат.

 

Эске салсак, долбоорго ылайык, калк үчүн азыркы тарифтер өзгөрүүсүз калат. Ал эми башка өндүрүш, айыл-чарба, бюджеттик жана башка тиричилик эмес керектөөчүлөр 1 киловатт-саатка 2 сом 52 тыйындан төлөп калат.