Ырчы Асель Кадырбековага операция ийгиликтүү жасалды

Ырчы Асель Кадырбековага операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

 

Ал белгилегендей, операциядан кийин Кадырбекова кыймылдап, алгачкы кадамдарын жасай баштады. Учурда абалы жакшы. Эске салсак, Асель Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, комага түшүп калган.