Кыргыз-тажик чек арасы: район акимдери чагымчылдыкка жол бербөөнү макулдашты

26-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактагы Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаева менен Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходурзода жолугушту. Баткен райондук администрациясынын маалына ылайык, жолугушуу “Кызыл-Бел” өткөрмө бекетинде болуп, анда тараптар чектеш аймактагы сугат суу, курулуш жана башка чарбалык иштерди макулдашып жүргүзүүнү сүйлөштү.

 

Район башчылары чек арага жакын аймактарда чагымчылдыкка жол бербөө үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, туруктуулукту камсыздоону макулдашты.

“Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө башка бир катар маселелер талкууланды. Учурда Баткен районунун чек ара аймагында абал тынч”, — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров 17-апрелде «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экенин, иш жай жүрүп жатканын белгилеген.

 

Бишкекте 1-7-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болгон.

Жумушчу топтор 10-16-марттын аралыгында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылды.

 

Анын айынан Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартты. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун жарыялаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.