«Коопсуздук» машыгуусу аяктады

Өлкөнүн түштүгүндө «Коопсуздук — 2023» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

 

Машыгуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 25-27-апрель күндөрү болду.
Иш-чаранын катышуучулары өлкө аймагына кирип келген куралдуу топторду жок кылуу боюнча биргелешкен «операция» жүргүзүшкөн. Ошондой эле аскердик абал маалында кырдаалды турукташтыруу, эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү, табигый кыйроолордун кесепеттерин жоюу жана башка маселелер боюнча тапшырмаларды аткарышкан.
Жыйынтыгында эң активдүү катышуучулар ведомстволук медалдар, ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланды.
Аталган иш-чарага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу органдарынан, аскерлеринен сырткары башка күч түзүмдөрү, министрликтер, ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да катышты.