Бишкек ЖЭБинде абал туруктуу. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, учурда 9 отказан жана 4 турбогенератор иштеп жатат. Суунун табы 60-65 градусту тузүүдө.
Бишкекке Россиядан адистер келди, алар биздин энергетиктер менен биргеликте ЖЭБди оңдоо иштерин талкуулап баштады. Эксперттер үч вариантты караштырып жатат – бир бөлүгүн модернизациялоо, ЖЭБдин жылуулук системасын калыбына келтирүү же объектти толугу менен жаңылоо.
Андан тышкары, аймактардагы буу казандарды дагы оңдоо зарылчылыгы айтылды.