Кыргызстанда 260 миң гектардан ашык жайыт жараксыз абалда

Кыргызстанда 260 миң гектардан ашык жайыт жараксыз абалда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 9 млн 34 миң гектар жайыт бар. Анын 45 пайызы тоо-таштар болсо, калганы мал жайганга жарай турган жерлер. Ошонун ичинде 264 миң гектар жер деградацияда, — деди Аскарбек Жаныбеков.

 

Министр ошондой эле жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.