Ордо калаада бүгүнтөн тарта №2 автобустун каттамы жарым-жартылай өзгөрдү.
Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эми аталган коомдук транспорт Үмүт жаңы конушунан Көк-Жар конушуна чейин барып, Мыскал, Фучик, Бейшеналиева, Москва, Лев Толстой, Логвиненко, Панфилов, 7-апрель, Ахунбаев көчөлөрүн камтыйт.
Линияга 10 мүнөттүк аралык менен 20 автобус чыгат.