Кыргызстанда бензиндин баасы көтөрүлгөнү байкалууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эки жума ичинде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 61 сом 80 тыйындан 62 сом 20 тыйынга кымбаттады.
Ал эми өткөн жылдын ушул мэзгил аралыгына салыштырмалуу, баалар 8 сом 80 тыйынга көтөрүлдү. Дизелдик отундун литри учурда 70 сом 80 тыйынга бааланууда.