Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы COVID-19 аныкталган жарандарды кабыл алууну токтотту

Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасы COVID-19 аныкталган жарандарды кабыл алууну токтотту.

АКИpressке Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдиргендей,

оорукананы жабуу чечими бейтаптардын саны азайганына байланыштуу Саламаттыкты сактоо

министрлигинин макулдугу менен кабыл алынды. Муну менен бюджеттик каражат үнөмдөлөт.

Ал эми анда дарыланып жаткан бейтаптар Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулду.

Эске салсак, Кыргыз-Түрк ооруканасы коронавируска чалдыккан бейтаптарды

ушул жылдын июнь айынан тартып кабыл алып баштаган.