Өлкөдө дары-дармектердин запасы 3 айга жетет

Өлкөдө дары-дармектердин запасы 3 айга жетет.

Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу штабынын жетекчисинин

орун басары Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымында,

вируска каршы терапия үчүн бардык керектүү дарылар жетиштүү деңгээлде.

Буга чейин Кыргызстан коронавируска каршы россиялык препараттарды

алууга даяр экенин тиешелүү ведомстводон билдиришкен. Мындан улам

дары-дармек менен камсыздоо департаментине россиялык кесиптештер

менен бул суроо боюнча байланышуу  тапшырмасы берилди.