Кыргызстанда 1-апрелге карата калктын 71,2 пайызында коронавируска карата антителосу бар. Бул тууралуу “Профилактикалык медицина” борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.
Анын айтымында, 28 пайызда антитело такыр жок, бул болжол менен 1 миллион 800 миң адамды түзөт. Учурда алардын бардыгы бир учурда коронавирус жуктуруп алуу коркунучу бар.
Андыктан, жарандар ден-соолугун жана өмүрүн тобокелчиликке салбай, санитардык эрежелерди сактап, социалдык аралыкты сактап, беткаптарды тагынып, каалоосу болсо, вакцина алышы керек.