Кыргызстан аймактарын өнүктүрүүгө 21 миллион доллар инвестиция тартылат.
Кеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы 151 айыл тууралуу болуп жатат.
Өкмөттөн билдиришкендей, пандемиядан жабыркаган аймактардын медициналык
мекемелери жакшыртылат. Иштер алгач Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы
тандалган айылдарда жасалат. Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү 2024-жылга чейин.
Анын алкагында өкмөт жана Дүйнөлүк банктын ортосунда макулдашуу жетишилди.
Жалпы сумманын 50 пайызы грант түрүндө келет.