Кыргызстанда ишкерликти текшерүүгө бир жылдык мораторий киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Документтин максаты — жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы алты айында 628 миллион доллар инвестиция кирип, 483 миллион доллар чыгып кеткен.