Кыргызстан чек араларынын өткөрүү түйүндөрүндө ар бир унаанын номерин камерага каттай турган система иштеп баштайт

Кыргызстан чек араларынын өткөрүү түйүндөрүндө ар бир унаанын номерин камерага каттай турган

система иштеп баштайт. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдиргендей,

мындай система ишке кирсе оор жүк ташуучу унааларды чек арадан өткөрүүдө коррупциялык

иштердин болбошуна жардам берет. Тиешелүү тапшырма «Түндүк» ишканасына берилди.

Иштер бир жумада аткарылышы зарыл.