Кыргызстан чек арасынын бардык периметринде абал тынч жана туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, бир гана кыргыз-тажик чек арасынын айрым тилкелеринде чыңалган абал байкалат.
Өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштеп жатат.