Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, окуялар катталган жок

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү, окуялар катталган жок. Бирок  абал чыңалган сакталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Андан такташкандай, буга чейин жетишилген макулдашууга карабай, тажик тарап эртең мененки саат 8:50дө Паскы-Арык айылына минометтон ок чыгарды.

 

5 мүнөттөн кийин аткылоо токтотулду. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна караштуу аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.