Кыргыз-өзбек чек арасындагы модернизацияланган “Достук” өткөрүү түйүнү ачылды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы модернизацияланган “Достук” өткөрүү түйүнү ачылды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, пункт ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында толугу менен жаңыланды.

 

“Электрондук өткөрүү пункту” долбоору чек арадан өтүүдө бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүп, чек ара көзөмөлүн натыйжалуу ишке ашыруу үчүн санариптик технологияларды киргизүүнү карайт. Буга чейин чек араны көзөмөлдөө процесстери кол менен жүргүзүлүп келсе, эми автоматташкан система иштейт.