Кыргызстан эпидемияларга даярдык боюнча дүйнөлүк рейтингде 68-орунда жайгашты

Кыргызстан эпидемияларга даярдык боюнча дүйнөлүк рейтингде 68-орунда жайгашты. 195 мамлекетти камтыган тизмени Economist басылмасы менен биргеликте Ден-соолук коопсуздугу борбору түздү.

 

Рейтингди түзүүдө эксперттер алдын алуу, таасир берүү, саламаттыкты сактоо системасы, эл аралык нормаларды кармануу жана коркунучтарды эске алды. ал эми Борбордук Азия мамлекеттери тууралуу айта турган болсок, Кыргызстан Казакстанды гана алдыга чыгарып, экинчи позицияда жайгашты.