Ордо калаанын парковкалары жакынкы арада аутсорингге берилиши мүмкүн. Вице-мэр Максатбек Сазыкуловдун айтымында, жаңы жылда “Бишкек парковкалары жана унаа токтотуу жайлары” муниципалдык ишканасы жоюулат.
Анын ордуна мэрия мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасын киргизет. Долбоорго бардык каалоосу бар ири инвесторлор катыша алат.
Күтүлгөндөй, мындай тартипте иштеген унаа токтотуу жайлары жакынкы жылдары өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.