Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзөт.

Бул тууралуу экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, фондду түзүү боюнча келишимге Азербайжандын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюу пландалууда.

Фонддун уставдык капиталы 25 миллион долларды түзөт.

Мекеменин түзүмү жана схемасы Өзбекстан жана Венгрия менен биргеликте түзүлгөн фонддордун ишине окшош болот деп күтүлүүдө.