Кытай Күнгө байкоо салуу үчүн космостук обсерваториясын ийгиликтүү учурду

Кытай Күнгө байкоо салуу үчүн космостук обсерваториясын ийгиликтүү учурду. Аппарат Күндүн магниттик талаасы короналдык массаны жана башка нерселерди чачырап туруусу жөнүндө маалымат берип турат. Ал заттар Жер планетасынын атмосферасына таасирин тийгизет.

 

Кытай окумуштууларынын айтымында, тарыхта биринчи жолу күндүн ортоңку кыртышын изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Космостук обсерваториянын баасы 126 миллион доллар.