Ош облусунда социалдык шаарча, оорукана жана мектеп пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, оорукана жана мектептин жаңы имараты Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүндө курулду.
Мындан тышкары, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү Эшме айылында 152 үй-бүлө үчүн “Эне жана балдарды коргоого багытталган ” социалдык шаарча ачылды.
Курулуш Кувейттин коомдук фондунун колдоосу менен ишке ашты.