Түштүк Корея Бишкек мэриясына автоунаа жана техникалык жабдык берет

Бишкек мэриясы менен Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилиги өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мэр Эмилбек Абдыкадыров жана элчи Ли Вонжэ кол койгон документке ылайык, Түштүк Корея шаардык муниципалитетке кайтарымсыз негизде мэриянын административдик потенциалын жогорулатуу максатында автоунаа жана техникалык жабдууларды берет.

 

Мекеме Корея бере турган техникалык жабдык жана автоунаанын санын, алар кайсы тармакта пайдаланыла турганын кабарлаган жок.

 

Мындан тышкары, шаар башчысы кореялык «KOICA» эл аралык агенттиги менен өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу айтты. Абдыкадыров Корея менен социалдык жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

 

Июль айында Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Чонг У Тэк Кыргызстанга сапар менен келген. Аны президент Садыр Жапаров баш болгон мамлекет жетекчилери кабыл алып, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн мүмкүнчүлүктөр көп экенин белгилешкен.

 

Расмий маалымат боюнча, акыркы 15 жылда бул мамлекетте 3500 кыргызстандык иш менен камсыз болгон. Алардын көбү жеңил өнөр жай жана электротехника тармагында иштейт.